МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕРИНИН ТАЛАПТАРЫ
B1 – ОРТОҢКУ ДЕҢГЭЭЛ
- ОРТОҢКУ деңгээлде жарандар күнүмдүк-тиричиликтик, социалдык-маданий, алардын ичинен өзгөчө окуу жана кесиптик чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде негизги коммуникативдик байланышты түзө билүүгө тийиш.
- ОРТОҢКУ деңгээлдин лексикалык минимуму ушул деңгээлдин тематикалык жана интенциалдык минимумдарынын чегинде сүйлөшүүнү камсыз кылган 3000 активдүү сөз бирдигин жана негизги этикеттик сөздөрдү камтыйт.
- ОРТОҢКУ деңгээлде төмөнкүдөй тилдик жана кептик көндүмдөр толук көлөмдө ишке ашырылат:
- лексика жана грамматикалык нормаларды жазууда жана сүйлөшүүдө колдоно билүү;
- ушул деңгээлге ылайык текст же маалыматты окуп, негизги маанисин түшүнө билүү;
- орточо көлөмдөгү так жана жай айтылган же окулган аудиотексттин же маалыматтын негизги маанисин түшүнө билүү;
- кыргыз адабий тилинин нормаларын сактоо менен өзүнүн оюн расмий жана расмий эмес стилде оозеки түрдө айта билүү;
- кыргыз адабий тилинин нормаларын сактоо менен өзүнүн оюн жазуу жүзүндө баяндай билүү.
«Кыргызтест» системасынын ОРТОҢКУ – B1 деңгээлинин сертификаты окууну ОРТОДОН ЖОГОРУ – B2 деңгээлинде улантуу үчүн жарандын мамлекеттик тилден билими зарыл болгон көлөмдө экендигин тастыктайт.
Мамлекеттик тилди ОРТОҢКУ деңгээлде үйрөнүү үчүн болжол менен 100–150 окуу сааты талап кылынат.
