«Кыргызтест» системасы

Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо системасы жөнүндө

«Кыргызтест» системасы деген эмне?

«Кыргызтест» системасы — Кыргыз Республикасынын жарандарынын, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо системасы.

Система европалык CEFR стандарттарына негизделип, A1ден C1ге чейинки 5 деңгээлди камтыйт. Бардык тесттер толук көлөмдө онлайн камерага жазылып, мамлекеттик мекеменин сайтында жарыяланып турат.

Деңгээлдердин сыпаттамасы

A1

Элементардык деңгээл

CEFR: A1
Жөнөкөй сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү түшүнүү
Өзүн тааныштыруу
Сандарды жана убакытты айтуу
Тест убактысы 1 саат 50 мүн.
A2

Базалык деңгээл

CEFR: A2
Күнүмдүк темалар боюнча баарлашуу
Жөнөкөй суроо-жооп
Кыска кат жазуу
Тест убактысы 1 саат 50 мүн.
B1

Ортоңку деңгээл

CEFR: B1
Тааныш темаларды талкуулоо
Өз оюн билдирүү
Кыска баяндамаларды түшүнүү
Тест убактысы 1 саат 50 мүн.
B2

Ортодон жогору деңгээл

CEFR: B2
Татаал тексттерди түшүнүү
Ар түрдүү стилде баарлашуу
Иштиктүү кат жазуу
Тест убактысы 1 саат 50 мүн.
C1

Жогорку деңгээл

CEFR: C1
Татаал темалар боюнча эркин баарлашуу
Расмий документтер менен иштөө
Академиялык текст жазуу
Тест убактысы 1 саат 50 мүн.

«Кыргызтест» системасы: деңгээлдик талаптар

«Кыргызтест» системасы: лексикалык минимумдар

Кимдер тест тапшырууга милдеттүү?
  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер
  • Мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери
  • Жогорку окуу жайлардын окутуучулары
  • Зарылчылык болгон учурда каалаган жаран