МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕРИНИН ТАЛАПТАРЫ
A1 – ЭЛЕМЕНТАРДЫК ДЕҢГЭЭЛ
- Элементардык деңгээлде жарандар күнүмдүк-тиричиликтик жана социалдык-маданий чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде элементардык коммуникативдик байланыш түзө билүүгө тийиш.
- Элементардык деңгээлдин лексикалык минимуму ушул деңгээлдин тематикалык жана интенциалдык минимумдарынын чегинде сүйлөшүүнү камсыз кылган 900 сөз бирдигин жана негизги этикеттик-сыпаалыктагы кайрылууларды камтыйт.
- Элементардык деңгээлде төмөнкүдөй тилдик жана кептик көндүмдөр толук көлөмдө ишке ашырылат:
- лексика-грамматикалык нормаларды жазууда жана сүйлөшүүдө колдоно билүү;
- чакан көлөмдөгү текстти же маалыматты окуп, жалпы маанисин түшүнө билүү;
- чакан көлөмдө так жана жай айтылган же окулган аудиотексттин же маалыматтын жалпы маанисин түшүнө билүү;
- кыргыз адабий тилинин ченемдерин сактоо менен өзүнүн оюн оозеки айта билүү;
- кыргыз адабий тилинин ченемдерин сактоо менен өзүнүн оюн жазуу жүзүндө баяндай билүү.
«Кыргызтест» системасынын A1 – ЭЛЕМЕНТАРДЫК деңгээлинин сертификаты окууну БАЗАЛЫК – A2 деңгээлинде улантуу үчүн жарандын мамлекеттик тилден билими зарыл болгон көлөмдө экендигин тастыктайт.
Мамлекеттик тилди ЭЛЕМЕНТАРДЫК деңгээлде үйрөнүү үчүн болжол менен 100–120 окуу сааты талап кылынат.
