Көнүгүү тесттери

Мамлекеттик тил боюнча онлайн машыгуу тесттери

«Кыргызтест» системасы боюнча тест 4 субтесттен турат: «Окуу», «Угуу», «Жазуу» жана «Сүйлөө».

Деңгээлди аныктоо индикатору

A1
ЛЕКСИКА · A1

Тапшырмаларды окуңуз. Варианттардын ичинен 1 туура жоопту белгилеңиз. 50 суроо.

40 мүнөт
A1
ОКУУ · A1

Текстти окуңуз. Тексттин мазмуну боюнча туура вариантты белгилеңиз. 49 суроо.

50 мүнөт
A1
УГУУ · A1

Маалыматты угуңуз. Варианттардын ичинен 1 туура жоопту белгилеңиз. 25 суроо.

25 мүнөт
A2
ЛЕКСИКА · A2

Тапшырмаларды окуңуз. Варианттардын ичинен 1 туура жоопту белгилеңиз. 50 суроо.

40 мүнөт
A2
ОКУУ · A2

Текстти кунт коюп окуңуз. Варианттардын ичинен 1 туура жоопту белгилеңиз. 50 суроо.

40 мүнөт
A2
УГУУ · A2

Маалыматты угуңуз. Варианттардын ичинен 1 туура жоопту белгилеңиз. 40 суроо.

30 мүнөт
B1
ЛЕКСИКА · B1

Тапшырмаларды окуңуз. Варианттардын ичинен 1 туура жоопту белгилеңиз. 50 суроо.

40 мүнөт
B1
ОКУУ · B1

Текстти кунт коюп окуңуз. Варианттардын ичинен 1 туура жоопту белгилеңиз. 50 суроо.

50 мүнөт
B1
УГУУ · B1

Маалыматты угуңуз. Варианттардын ичинен 1 туура жоопту белгилеңиз. 45 суроо.

35 мүнөт
B2
ЛЕКСИКА · B2

Тапшырмаларды окуңуз. Варианттардын ичинен 1 туура жоопту белгилеңиз. 54 суроо.

40 мүнөт
B2
ОКУУ · B2

Текстти кунт коюп окуңуз. Варианттардын ичинен 1 туура жоопту белгилеңиз. 25 суроо.

25 мүнөт
B2
УГУУ · B2

Маалыматты угуңуз да, туура жоопту белгилеңиз. 40 суроо.

30 мүнөт

«Жазуу» жана «Сүйлөө» субтесттеринин темалары

Урматтуу мекендештер! Төмөндө «Жазуу» жана «Сүйлөө» субтесттери боюнча өз алдынча даярдануу үчүн темалар берилди.

«Жазуу» субтестинин темалары

A1 A1 деңгээли боюнча темалар

Сизге 10 суроо сунушталат.
Ар бир суроону кунт коюп окуп, жообун жазыңыз.
Эскертүү: сандарды цифра менен эмес, сөз менен жазуу керек.

Вам предлагается 10 вопросов.
Внимательно прочитайте каждый вопрос и напишите ответ.
Примечание: числа необходимо писать прописью, а не цифрами.

  1. Сиз кайда туулгансыз?
  2. Сиз саат канчада турасыз?
  3. Кайсы университетте окугансыз?
  4. Сиз кайсы жакта иштейсиз?
  5. Сиз ким болуп иштейсиз?

A1 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу суроолуу сүйлөмдөр берилет.

A2 A2 деңгээли боюнча темалар

(Берилген тема боюнча 10-12 сүйлөмдүн чегинде жазуу жүзүндө баяндап берүү керек)

  1. Өзүм жөнүндө
  2. Биздин үй-бүлө
  3. Биздин кошуналар
  4. Менин эң бактылуу күнүм
  5. Менин биринчи мугалимим

A2 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу темалар берилет.

B1 B1 деңгээли боюнча темалар

(Берилген тема боюнча 12-15 сүйлөмдүн чегинде жазуу жүзүндө баяндап берүү керек)

  1. Туулган жерим
  2. Менин биринчи мугалимим
  3. Менин курдаштарым
  4. Менин кесибим
  5. Мага жаккан жыл мезгили

B1 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу темалар берилет.

B2 B2 деңгээли боюнча темалар

(Берилген тема боюнча 15-18 сүйлөмдүн чегинде жазуу жүзүндө баяндап берүү керек)

  1. Адамды сөзүнөн тааны
  2. Иштебеген тиштебейт
  3. Эл эмгегин жер жебейт
  4. Суу – өмүр булагы
  5. Ынтымак бар жерде ырыс бар

B2 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу темалар берилет.

C1 C1 деңгээли боюнча темалар

(Берилген тема боюнча 18-20 сүйлөмдүн чегинде жазуу жүзүндө баяндап берүү керек)

  1. Жакшы болуу – аста-аста, жаман болуу – бир паста
  2. Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык
  3. Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү
  4. Карысы бардын ырысы бар
  5. Адам көркү – адеп

C1 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу темалар берилет.

«Сүйлөө» субтестинин темалары

A1 A1 деңгээли боюнча темалар

1-тапшырма: аудиосуроолорго жооп берүү

  1. Үй-бүлөңүздө канча адам бар?
  2. Сиздин бөлмөңүз чоңбу?
  3. Сиз үйгө саат канчада барасыз?
  4. Сиз кайсы көчөдө жашайсыз?
  5. Сизге кандай музыка жагат?

A1 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу суроолуу сүйлөмдөр берилет.

2-тапшырма: жай сүйлөмдөрдү суроолуу сүйлөмдөргө айландыруу

  1. Мен бир миң тогуз жүз токсон сегизинчи жылы туулгам.
  2. Менин чоң апам 80 жашта.
  3. Мага классикалык музыка жагат.
  4. Мен бош убактымда китеп окуйм.
  5. Мен машина айдаганды билем.

A1 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу сүйлөмдөр берилет.

A2 A2 деңгээли боюнча темалар

1-тапшырма: аудиосуроолорго жооп берүү

  1. Сиз кайсы жылы туулгансыз?
  2. Сиз Бишкекте төрөлгөнсүзбү?
  3. Сиз кайсы жерде жашайсыз?
  4. Сиз кайсы окуу жайды бүтүрдүңүз?
  5. Сиздин кесибиңиз мугалимби?

A2 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу суроолуу сүйлөмдөр берилет.
2-тапшырманын темалары (Берилген тема боюнча 2 – 3 мүнөттүн ичинде оозеки баяндап берүү керек)

  1. Туулган жерим
  2. Мен жашаган шаар (айыл)
  3. Биздин көчө
  4. Менин классташым
  5. Менин досум

A2 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу темалар берилет.

B1 B1 деңгээли боюнча темалар

1-тапшырмада берилген аудиомаалыматты угуп, түшүнгөнүн айтып берүү талап кылынат.

2-тапшырманын темалары
(Берилген тема боюнча 2 мүнөттүн ичинде оозеки баяндап берүү керек)

  1. Менин балалыгым
  2. Менин пландарым
  3. Мага жаккан сапаттар
  4. Үй-бүлөдөгү милдеттерим
  5. Мага жаккан кесиптер

B1 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу темалар берилет.

B2 B2 деңгээли боюнча темалар

1-тапшырмада берилген аудиомаалыматты угуп, түшүнгөнүн айтып берүү талап кылынат.

2-тапшырманын темалары
(Берилген тема боюнча 2 мүнөттүн ичинде оозеки баяндап берүү керек)

  1. Адилеттүүлүк
  2. Кесипкөйлүк
  3. Сабаттуулук
  4. Адамгерчилик
  5. Кайраттуулук

B2 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу темалар берилет.

C1 C1 деңгээли боюнча темалар

1-тапшырмада берилген аудиомаалыматты угуп, түшүнгөнүн айтып берүү талап кылынат.

2-тапшырманын темалары (Берилген тема боюнча 2 мүнөттүн ичинде оозеки баяндап берүү керек)

  1. Жоомарттык
  2. Улутмандык
  3. Саяпкерчилик
  4. Устатчылык
  5. Атуулдук ариет

C1 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу темалар берилет.