
Акыркы мезгилде мамлекеттик тил боюнча билим деңгээлин аныктоо тестин тапшыруучулардын саны күн сайын өсүүдө. Тестти тапшыруучу мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин катарында Жогорку кеңештин депутаттарынын да активдүүлүгү байкалууда. Алардын арасында билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка кызматкерлер менен өз каалоосу боюнча келген жарандар да бар.
Август айынын башынан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик тил боюнча тестти жалпысынан 1608 адам тапшырган. Тест тапшыруучулардын саны мындан ары да өсө бермекчи. Демейдегидей эле, тесттин жыйынтыктары өз учурунда Кыргызтесттин kyrgyztest.gov.kg сайтына жарыяланып турат.




