КУЛАКТАНДЫРУУ

УРМАТТУУ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЭМГЕКТЕНИП ЖАТКАН МЕКЕНДЕШТЕРИБИЗ!

УРМАТТУУ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЭМГЕКТЕНИП ЖАТКАН МЕКЕНДЕШТЕРИБИЗ!

      «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу 2024-жылдын 26-ноябрынан баштап Жалал-Абад шаарындагы Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Инновациялык мектепте мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзөт.

      Дареги: Муктарбек Исакулов көчөсү 40ж, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Инновациялык мектеп.

      Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты 0995 778111 номери аркылуу алууга болот.