
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси 16-ноябрдан баштап Ош шаарында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча тестин туруктуу өткөрөт.
Тесттен өтүүнү каалагандар иш күндөрү, дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 09:00дөн 14:40ка чейин кайрыла алышат.
Тестке кабыл алуу жеринде жандуу кезектин негизинде жүргүзүлөт. Бош орундар болгон учурда гана тест тапшырууга кире аласыздар.
Дареги: Ош шаары, Н.Исанов көчөсү 73, Ош МПУ (ОГПИ) башкы корпусу, 0-кабат, 04-аудитория
