
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу 2025-жылдын 6-октябрынан баштап Талас шаарындагы Талас агрардык-экономикалык колледжинде мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзөт.
Дареги: Талас ш., Ч.Айтматов көчөсү 303, Талас агрардык-экономикалык колледжинин жыйындар залы.
Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты 0995 778111 номери аркылуу алууга болот.
