
Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 35 жылдыгынын урматына “Кыргызтест”мамлекеттик мекемеси өз күчү менен иштеп чыккан QR код аркылуу электрондук кезекке туруу системасын ишке киргизди.
Максаты: жандуу кезекти тартипке салуу.
Мында ар бир адам өз телефонунан кезектин жылышын көрүп турат да, кезеги жакындаганча убакытын каалоосуна жараша пайдалана алат. Кезеги жакындаганда ал адамдын телефонуна “алдыда 2 адам калды” деген билдирүү келет.
