КУЛАКТАНДЫРУУ

Урматтуу Баткен облусунун тургундары!

Урматтуу Баткен облусунун тургундары!

2025-жылдын 5-сентябрында саат 10:00дө Баткен райондук администрациясынын жыйындар залында, ал эми саат 11:00дө Баткен шаарынын В.И. Ленин атындагы орто мектебинин жыйындар залында “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору, Кыргызтест системасынын түптөөчүсү, окуу китептеринин жана “Кыргыз тилин Санариптик окутуу” платформасынын автору Б.Б. Топоева-Ставинскаянын Баткен районундагы мектептердин кыргыз тилчи мугалимдери  менен жолугушуусу өткөрүлөт.