ЖАҢЫЛЫКТАР

Учурдагы иштер

Учурдагы иштер

       2025-жылы 3-14-ноябрда «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышты.

       5-ноябрдан тартып «Кыргызтест» мекемесинин  көчмө тобу Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүп жатат. 5-14 ноябрда тестке КР Социалдык фондунун Ош шаардык, Кара-Суу жана Араван райондук башкармалыктарынын, Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн райондук мамлекеттик администрацияларынын жана ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облусунан келген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышты.

«Кыргызтест» мекемесинин  экинчи көчмө тобу 12-ноябрдан тартып Нарын шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүүдө. 12-15-ноябрда тестке КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Нарын шаардык мэриясынын, КР Социалдык фондунун Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы, Кочкор жана Нарын райондук башкармалыктарынын,  Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы, Кочкор жана Нарын райондук мамлекеттик администрацияларынын кызматкерлери катышты

Бишкек шаары, Ош жана Нарын облустары боюнча жалпысынан 2100 адам тест тапшырды.