ЖАҢЫЛЫКТАР

Учурдагы иштер (29-30-июнь)

Учурдагы иштер (29-30-июнь)

2026-жылдын 29-30-июнунда «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институту” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышышты.

2026-жылдын 30-июнунан баштап  «Кыргызтест» мекемесинин көчмө тобу Токтогул районунда тест жүргүзүүнү баштады. 30-июнда тестке Токтогул райондук Салык кызматынын, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын  кызматкерлери жана Ж.Бөкөнбаев атындагы  жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери катышышты.

«Кыргызтесттин» 2-көчмө тобу 30-июнда Эл аралык жогорку медициналык мектебинде тест жүргүздү. Тестке окуу жайдын мугалимдери жана С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун кызматкерлери катышышты.