
2026-жылы 2-14-мартта «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде “Кыргызалтын” ААКтын, «Кыргыз Темир Жолу УК» мамлекеттик ишканасынын, “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын, Аламүдүн райондук статистика бөлүмүнүн, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери жана КР Тышкы иштер министрлигинин ачык сынагына катышуучулар мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышышты.
2026-жылдын 12-мартынан тартып «Кыргызтест» мекемесинин көчмө тобу Баткен шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүп жатат. 12-14-мартта тестке КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын, КР ИИМдин Күзөт кызматынын Баткен облусунун Баткен шаардык күзөтүнүн кызматкерлери жана жалпы каалоочулар катышышты.
Бишкек жана Баткен шаарлары боюнча тестке жалпысынан 1547 адам тест тапшырды.


