
2026-жылы 2-13-февралда «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде «Тазалык» муниципалдык ишканасынын, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №16 мекемесинин, КР Юстиция министрлигинин, Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн, КР Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо”
жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту” мамлекеттик ишканасынын, КР ӨКМдин кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышты.
2026-жылдын 7-февралынан тартып «Кыргызтест» мекемесинин көчмө тобу Манас шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүп жатат. 7-13 февралда тестке КР ИИМ Күзөт кызматынын, КР ИИМ Жалал-Абад облустук башкармалыгынын, КР ЮМ Пробация департаментинин Манас шаардык башкармалыгынын кызматкерлери жана жалпы каалоочулар катышты.
Бишкек жана Манас шаарлары боюнча жалпысынан 1795 адам тест тапшырды.

