ЖАҢЫЛЫКТАР

Учурдагы иштер

Учурдагы иштер

       2025-жылы 20-31-октябрда «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын, КР Тышкы иштер министрлигинин жана КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №31 мекемесинин кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышты.

       27-31-октябрда «Кыргызтест» мекемесинин  көчмө тобу Ысык-Көл облусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүздү. Тестке КР Социалдык фондунун Балыкчы шаардык, Жети-Өгүз, Тоң, Түп жана Ысык-Көл райондук башкармалыктарынын, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Көл облустук филиалынын, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ысык-Көл райондук башкармалыгынын жана Медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын, КР Пробация департаментинин Ысык-Көл облусу боюнча аймак аралык  башкармалыгынын, КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №44 мекемесинин кызматкерлери катышты.

Бишкек шаары жана Ысык-Көл облусу боюнча жалпысынан 774 адам тест тапшырды.