
2025-жылы 17-29-ноябрда «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде Бишкек шаардык жана Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыктарынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышышты.
Ушул эле күндөрү «Кыргызтест» мекемесинин көчмө тобу Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүүнү улантты. Тестке Ош мамлекеттик университетинин мугалимдери, Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык ишканаларынын, КР ИИМ Күзөт кызматынын Ош шаардык Чыгыш күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты. Ош шаарындагы тестке Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген мамлекеттик кызматкерлер жана жалпы каалоочулар дагы катышып жатышат.
27-29-ноябрда «Кыргызтест» мекемесинин экинчи көчмө тобу Токтогул районунда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүздү. Тестке
Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын, Токтогул райондук Салык башкармалыгынын, Пробация департаментинин Токтогул райондук башкармалыгынын, Токтогул райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жана
Токтогул райондук Социалдык фондунун
кызматкерлери катышышты.
Бишкек шаары, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Токтогул району боюнча жалпысынан 2274 адам тест тапшырды.





