
2025-жылы 15-30-декабрда «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде Улуттук статистика комитетинин, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын, Сокулук райондук Социалдык фондунун, КР Ички иштер министрлигинин жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геология кызматынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышышты.
25-декабрда «Кыргызтест» мекемесинин биринчи көчмө тобу Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүүнү аяктады. 15-25-декабрда тестке Араван районунун финансы башкармалыгынын, Араван районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын,
Ош жана Кыргыз-Өзбек мамлекеттик университеттеринин, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрацияларынын, Кара-Суу райондук Салык кызматынын кызматкерлери катышышты.
24-декабрда Ысык-Көл облусунда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүү аяктады. 15-24-декабрда тестке КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаардык башкармалыгынын, Каракол шаардык мээриясынын, Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, Каракол шаардык социалдык фондунун, Каракол шаардык маданият бөлүмүнүн, Ысык-Көл облустук прокуратурасынын, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын, Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынын, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын, Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №23 мекемесинин, «Кыргыз почтасы» ААКтын Түп райондук филиалынын кызматкерлери катышышты.
Бишкек шаары, Ош жана Ысык-Көл облустары боюнча жалпысынан 2487 адам тест тапшырды.
