ЖАҢЫЛЫКТАР

Учурдагы иштер (13-14 апрель)

Учурдагы иштер (13-14 апрель)

2026-жылы 13-14-апрелде «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде КР Куралдуу күчтөрүнүн №52806 Аскердик бөлүгүнүн аскерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышышты.

2026-жылдын 13-апрелинен баштап  «Кыргызтест» мекемесинин көчмө тобу Ош облусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүүнү баштады. 13-14 апрелде тестке Ош шаарынын мэриясынын, Мамлекеттик салык кызматынын Араван райондук башкармалыгынын, КР Куралдуу күчтөрүнүн Түштүк-Батыш оперативдик колбашчылыгынын жамааты жана жалпы каалоочулар катышты. Бишкек жана Ош шаары боюнча жалпысынан 787 адам тест тапшырды.