
2025-жылы 1-17-октябрда «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын, КР Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май району жана Жайыл району боюнча башкармалыктарынын, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №2, №21-мекемесинин жана Бишкек шаарынын Ленин районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышты.
7-13-октябрда «Кыргызтест» мекемесинин көчмө тобу Нарын шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүздү. Тестке КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, Нарын шаардык мэриясынын, Улуттук статистика комитетинин Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн, Ат-Башы райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, КР Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы жана Жумгал райондук башкармалыктарынын, Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн, Кочкор, Жумгал жана Нарын райондук мамлекеттик администрацияларынын жана Нарын райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери катышты. «Кыргызтест» мекемесинин экинчи көчмө тобу Талас облусунда 8-17-октябрда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүздү. Талас шаарында тестке Талас агрардык-экономикалык колледжинин жамааты, КР Президентинин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын, Талас облусунун Пробация департаментинин, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын, Талас регионалдык экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, Талас облусунун юстиция башкармалыгы, Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, Айтматов райондук социалдык фонд башкармалыгынын жана КР Мамлекеттик салык кызматынын Айтматов райондук башкармалыгынын, Талас райондук социалдык фонд башкармалыгынын, Талас, Манас жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери катышты.
Бишкек шаары, Талас жана Нарын облустары боюнча жалпысынан 1921 адам тест тапшырды.

