
2025-жылы 1-13-декабрда «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, №4 Үй-бүлөлүк медицина борборунун, КР Улуттук статистика комитетинин борбордук аппаратынын, «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын, КР Социалдык фондунун Сокулук жана Ысык-Ата райондук башкармалыктарынын, КР ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышышты.
Ушул эле күндөрү «Кыргызтест» мекемесинин көчмө тобу Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүүнү улантты. Тестке ОшМУнун мугалимдери, КР УКМКнын Ош шаардык башкармалыгынын, КР Салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын, Кара-Суу жана Араван райондук мамлекеттик администрацияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери катышышты.
2025-жылдын 12-декабрынан баштап «Кыргызтест» мекемесинин экинчи көчмө тобу Ысык-Көл облусунда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүүгө киришти. 12-13-декабрда Каракол шаарындагы тестке КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ак-Суу райондук башкармалыгынын, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Каракол-Ак-Суу филиалынын, “Кыргыз почтасы” ААКтын Ак-Суу райондук бөлүмүнүн, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери катышты.
Бишкек шаары, Ош жана Ысык-Көл облустары боюнча жалпысынан 2373 адам тест тапшырды.






