
2026-жылы 1-10-апрелде «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде Кыргызтелеком ААКтын, КР Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин, Чүй облустук финансы башкармалыгынын, КР Социалдык фонддун Панфилов райондук башкармалыгынын кызматкерлери, БМУ, КУУ, КМТУ, КУАА жана КММАнын жамааты мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышышты.
2026-жылдын 10-апрелинде «Кыргызтест» мекемесинин көчмө тобу Баткен облусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүүнү аяктады. 1-10 апрелде тестке КР ИИМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын, КР Куралдуу күчтөрүнүн №52870 жана №30629 Аскердик бөлүктөрүнүн кызматкерлери жана жалпы каалоочулар катышты.
Бишкек жана Баткен шаарлары боюнча жалпысынан 1881 адам тест тапшырды.
