
2025-жылы 15-30-сентябрда «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин, Бишкек шаардык мэриясынын «Бишкек жылуулук тармагы», «Бишкексвет» муниципалдык ишканаларынын, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин, КР Президентинин Администрациясы жана Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департаментинин
кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест тапшырышты.
Жалпысынан 1402 адам тест тапшырды.

