ЖАҢЫЛЫКТАР

Тест жүргүзүү уланууда (28-май)

Тест жүргүзүү уланууда (28-май)

2026-жылы 28-майда «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде Панфилов райондук салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышышты.

Талас шаарында тестке Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын Күзөт кызматынын, ал эми Балыкчы шаарында Балыкчы шаардык мэриясына караштуу муниципалдык ишканалардын, КР Ички иштер министрлигинин Балыкчы шаардык башкармалыгынын жана Кыргыз Мамлекеттик салык кызматынын Балыкчы шаардык башкармалыгынын кызматкерлери тест тапшырышты.