
2026-жылы 25-29-майда «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде “Кыргыз почтасы” ААКтын, КР МСК Панфилов району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана КР ИИМ РОБдун талапкерлери тест тапшырышты.
2026-жылдын 28-майынан баштап «Кыргызтест» мекемесинин 2 көчмө тобу Балыкчы жана Талас шаарларында тест жүргүзүүнү баштады. 28-29-майда Балыкчы шаарында Балыкчы шаардык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, Балыкчы шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин, Балыкчы шаардык жылуулук менен жабдуу муниципалдык ишканасынын, КР Социалдык фондунун Балыкчы шаардык башкармалыгынын, Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык ишканасынын, КР Мамлекеттик салык кызматынын Балыкчы шаары боюнча башкармалыгынын, Балыкчы финансы башкармалыгынын, Балыкчы муниципалдык “Суу түтүкчөлөр” ишканасынын, Балыкчы шаардык кеңешинын, КР ИИМ Балыкчы шаардык башкармалыгынын, КР ИИМ Балыкчы шаардык Күзөт кызматынын кызматкерлери тест тапшырышты. Талас шаарында тестке шаардык Күзөт кызматынын кызматкерлери катышышты.
Бишкек, Талас жана Балыкчы боюнча жалпысынан 736 адам тест тапшырды.
