
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси май айындагы майрамдардан кийин тест жүргүзүүнү улантууда. 2026-жылы 11-12-майда Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын жана КР ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери тест тапшырышты.
