
2026-жылы 9-11-июнда «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде КР Коргоо министрлигинин №44549, 93290 Аскер бөлүктөрүнүн, КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын 36717АБ бөлүгүнүн, КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн №36718 Аскер бөлүгүнүн курамдары, Аламүдүн районунун Достук айыл өкмөтүнүн, Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын, Чүй районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин кызматкерлери тест тапшырышты.
Каракол шаарында КР ИИМ Каракол шаардык башкармалыгынын, Тоң, Жети-Өгүз райондук Күзөт кызматтарынын, Ак-Суу жана Түп районунун айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери тест тапшырышты.
Таласта тестке Манас, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын, Талас шаардык УКМК башкармалыгынын, Талас шаардык Салык кызматынын кызматкерлери жана Талас шаардык Агрардык-экономикалык колледжинин жамааты катышышты.

