
2026-жылдын 20-21-июлунда «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде, жана Манас шаарында тест жүргүзүү иштери улантылды. Тестке КР Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын, “Кыргызтелеком ААКтын, КР Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Сузак жана Базар-Коргон райондук бөлүмдөрүнүн, Чек ара кызматынын №2055 аскердик бөлүгүнүн, Сузак районунун Атабеков, Кыз-Көл айыл өкмөттөрүнүн жамааттары, жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери жана бала бакча тарбиячылары катышышты.



