
2026-жылы 1-2-июнда «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде КР ИИМ Ички аскерлеринин кол башчылыгы жана Коомдук коопсуздук кызматынын өздүк курамы тест тапшырды. Балыкчы шаарында Ысык-Көл районундагы мекемелердин жана КР ИИМ Балыкчы шаардык башкармалыгынын жана Күзөт кызматынын, Балыкчы шаардык мэриясынын жана “Мүлк” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тест тапшырышты. Таласта тестке Талас шаарынын мэриясынын жана Талас шаардык Салык кызматынын кызматкерлери катышышты.


