
Бүгүн, 2026-жылдын 25-апрелинде, ишембиде, Ош шаарында КР ИИМдин Ош шаары боюнча күзөт түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана жалпы каалоочулар тест тапшырып жатышат. Бүгүн да тест тапшыруу учурунда тартип бузуу катталып, бир адам жашыруун мобилдик телефон алып кирип колдонгондугу үчүн акт түзүлүп, 1 жылга тесттен четтетилди.
Жалпы эле көчмө топто 2026-жылы 09-февралдан 25-апрелге чейин 28 тартип бузуу катталып, тийиштүү түрдө акттар түзүлдү.
Кошумча маалымат: Паспортун, жеке номерлерин алмашып тестке кирүү, өзүнүн ордуна башка адамды тестке киргизүү, мобилдик телефонду жашыруун алып кирип (Google порталын, ChatGPT ачып) колдонуу сыяктуу одоно тартип бузуу учурларында тест тапшыруучулар 1 жылга тесттен четтетилет, тест жыйынтыктары жокко чыгарылат жана иштеген мекемелерине тийиштүү маалымат жөнөтүлөт.
