
2026-жылы 14-апрелде «Кыргызтест» мекемесинин көчмө тобу Ош шаарында ишин улантты. Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин башкы окуу имаратында өтүп жаткан тестке Ош шаарынын мэри Акаев Жанарбек Кубанычович жана Манас шаарынын мэри Маткаликов Абдупата Жороевич катышышты. Мэрлердин тестке катышуусу мамлекеттик тилди билүү мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жана ошондой эле Кыргызстандын жалпы калкы үчүн абдан маанилүү экенин далилдейт жана кыргыз тилин үйрөнүүгө, анын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү берет.


