ЖАҢЫЛЫКТАР

Санариптик окутуу платформасы К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде

Санариптик окутуу платформасы К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде

     Бүгүн, 2025-жылдын 22-сентябрында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Кыргыз тили – билимдин, илимдин жана маданияттын тили» аттуу жумалыктын алкагында университеттин жамааты жана студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда Б.Б. Топоева-Ставинская “Кыргызтест” системасы жөнүндө маалымат берип, кыргыз тилин санариптик окутуу платформасы менен тааныштырды. Автор катышуучуларга санариптик окутуу платформасынын ачкычын, башкача айтканда, кирүү QR кодун ачып берип, аны колдонуу ыкмасын көрсөттү.

Иш жүзүндө платформаны колдонуп көргөн К.Карасаев атындагы БМУнун окутуучулары санариптик окутуу платформаны колдоого алышып, платформа кыргыз тилин жайылтуу, аны санариптик дүйнөгө киргизүү жана келечекте кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоң салым кошо тургандыгын баса белгилешти. Иш-чаранын соңунда БМУнун ректору Дылдаев Мирлан Муктарович Б.Б. Топоева-Ставинскаяга университеттин жамаатынын атынан ыраазычылык кат тапшырды.