
Бүгүн, 2026-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Маматканов Улан Эркинович «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине келип, мекеменин орун жайы, тест жүргүзүү жана аппарат кызматкерлеринин иштөө шарттары менен жеринен толук таанышып чыкты.
Улан Эркинович мамлекеттик тил боюнча конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн тест тапшыруучуларга бир гана талаптар коюлбастан, тиешелүү шарттарды түзүп берүү керек экендигин баса белгиледи. Ошондой эле тест жүргүзүү үчүн туруктуу орун жай табылганча, тестти үзгүлтүккө учуратпоо максатында жогорку окуу жайлардын (И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби) базасында улантуу тапшырмасын берди.
Жыш иш графигинен убакыт таап келип, «Кыргызтесттин» учурдагы көйгөйлүү маселелерин чечип берүү аракети үчүн КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Эркинович Маматкановго терең ыраазычылык билдиребиз!




