
Бүгүн, 2025-жылдын 4-сентябрында, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору, Кыргызтест ситемасынын түптөөчүсү жана “Кыргыз тилин Санариптик окутуу” платформасынын автору Б.Б. Топоева-Ставинская Баткен жергесинде мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушту.
Алгач, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.А Шаменов, Б.Б. Топоева-Ставинскаяны кабыл алып, мамлекеттик тил боюнча тест жаатында пикир алышты. Андан кийин жолугушуу түшкө чейин облустук администрациянын жыйындар залында улантылды. Жолугушуунун алкагында мамлекеттик тил боюнча тестти деңгээлдештирип тапшыруу, тилди билүү деңгээлине коюлган учурдагы талаптар жана тилди билүү деңгээлин өркүндөтүү жолдору сыяктуу маселер талкууланды. Ал эми түштөн кийин, саат 14:00дө, жолугушуу Баткен шаарынын мэриясында улантылды. Жыйынды Баткен шаарынын мэриясынын Аппарат жетекчиси М.С. Бегалиев алып барды. Жыйындын жүрүшүндө Б.Б. Топоева-Ставинская, 2024-2025-жж. жүргүзүлгөн тест жыйынтыктары жөнүндө статистикалык маалымат жана КР Министрлер Кабинетинин №211 токтому боюнча кеңири маалымат берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.
Ошондой эле “Кыргыз тилин Санариптик окутуу” платформасын иш жүзүндө колдонуу боюнча практикалык иштер жүргүзүлдү. Платформа менен таанышкан соң, жыйындын катышуучулары кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү маселесине чоң маани берүү керек экендигин баса белгилешип, бул платформаны кеңири колдонуу, аны санариптик дүйнөгө киргизүү аркылуу келечекте кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоң салым кошула тургандыгы тууралуу өз пикирлерин билдиришти.
Кошумча маалымат: Аталган платформа “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Б.Б. Топоева-Ставинская тарабынан 2022-2025-жылдар аралыгында иштелип чыккан. Платформанын негизги максаты — кыргыз тилин заманбап санарип технологияларынын жардамы менен натыйжалуу үйрөнүүгө жана окутууга шарт түзүү. Платформадагы заманбап окутуу методдору, интерактивдүү көнүгүүлөр жана ресурстар кыргыз тилин үйрөнүүнү жеңилдетет жана тилге болгон кызыгууну арттырат.




