ЖАҢЫЛЫКТАР

Мамлекеттик тил күнүнө арналган флешмобдор

Мамлекеттик тил күнүнө арналган флешмобдор

       Бүгүн, 23-сентябрда, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси Мамлекеттик тил күнүнө карата КРнын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын окутуучулары жана студенттери үчүн флешмоб форматында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча чакан тест уюштурду.

       Ушул эле күндүн экинчи жарымында «Кыргызтест» мекемеси «Ала-Тоо» эл аралык университетинде тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча флешмоб улантылды. Окуу-жайдын социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору С.К. Калдыбаев жана “Кыргызтест” директору Б.Б. Топоева-Ставинская тесттин катышуучуларын куттукташып, аларга билим айдыңында ийгиликтерди каалашты.

     «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси эки окуу жайдын китепканаларына мекеме тарабынан иштелип чыккан окуу-методикалык китептерди белекке тапшырды.

        Эки окуу жайдагы иш-чарага жалпысынан 137 адам катышты.