
2025-жылдын 1-июлунан 18-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын, Чүй областтык админстрациясынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жана Бишкек шаарынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үчүн «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести өткөрүлдү. Мындан сырткары, билим берүү тармагында иштеген мугалимдер жана тарбиячылар өз каалоосу менен мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тестин тапшырышты.
Тестке катышкандардын жалпы саны 1415 адамды түздү.



