ЖАҢЫЛЫКТАР

Учурдагы иштер (16-31-март)

Учурдагы иштер (16-31-март)

       Мекеменин учурдагы шартына жана орундардын чектелүү болгондугуна байланыштуу жарандар арасында чыккан нааразычылыктарды азайтуу максатында 2026-жылы 16-31-мартта «Кыргызтест» мекемеси Бишкек шаарында 4 (төрт) локацияда – Бишкектеги кеңсесинде, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында, “Манас” аэропортунда жана Баткен облусунда – мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест өткөрдү. Тестке КР Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасынын, КР Улуттук статистика комитетинин Чүй облусунун статистика башкармалыгынын Аламүдүн райондук статистика бөлүмүнүн, «Кыргызалтын» ААКтын, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, КР  Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №19 мекемесинин, «Мамкартография» геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин, “Манас” эл аралык аэропортунун кызматкерлери, КР Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мугалимдери жана кызматкерлери, мамлекеттик кызматка талапкерлер жана каалоочулар катышышты.

       Ушул эле учурда «Кыргызтест» мекемесинин  көчмө тобу Баткен шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүүнү улантты. 16-31-мартта тестке Кадамжай райондук мамлеккетти администрациясынын, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Сүлүктү-Лейлек филиалынын, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын, КР Улуттук статистика комитетине караштуу Баткен шаардык статистика башкармалыгынын, Лейлек райондук малекеттик администрациясынын, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын  №2 жол эксплуатациялоо ишканасынын, КР Финансы министрлигинин Баткен финансы башкармалыгынын, Кызыл-Кыя шаардык мамлекеттик администрациясынын, Баткен бажысынын, Баткен облустук прокуратурасынын, “Баткен зоналдык ветеринардык лабораториясы” мамлекеттик мекемесинин, Баткен региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине  караштуу  Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгынын, КР Министрлер караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Баткен филиалынын, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл   министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен регионалдык башкармалыгынын, КР ИИМдин Күзөт кызматынын Баткен облустук жана Баткен шаардык күзөт бөлүмчөсүнүн, Баткен облусунун облустук, административдик, райондук жана шаардык сотторунун кызматкерлери,  сот приставдары ошондой эле Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери катышышты.

Бишкек шаары жана Баткен облусу боюнча тестке жалпысынан 2362 адам тест тапшырды.