
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде 2025-жылы 18-29-августта Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун, КР Акыйкатчысынын аппаратынын, КР ИИМ Академиясынын, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, «Учкун» ААКтын, Бишкек шаарынын, Талас облусунун жана Токтогул районунун билим берүү кызматкерлери үчүн «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести өткөрүлдү.
Аталган күндөрү «Кыргызтест» мекемесинин көчмө тобу Баткен шаарында КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жана КР Прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүздү.
Бишкек шаары жана Баткен облусу боюнча жалпысынан 900 адам тест тапшырды.






