ЖАҢЫЛЫКТАР

КЫРГЫЗТЕСТ ТАШКЕНТТЕ

КЫРГЫЗТЕСТ ТАШКЕНТТЕ

       Ташкент шаарында 14-15-октябрда «Билимди жана көндүмдөрдү баалоодо теориялык жана практикалык мамилелер» аттуу  эл аралык илимий конференция болуп өттү.
Илимий иш-чара Өзбекстан Республикасынын Билимди жана квалификацияларды баалоо боюнча агенттигинин демилгеси боюнча уюштурулду. Аталган агенттиктин директору Маджит Маликович Каримовдун расмий чакыруусу боюнча  конференциянын  ишине  «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Болоталиевна  Топоева-Ставинская катышты.

       Өз сөзүндө, «Тилдик тесттердеги санариптешүү: моделдери жана усулдары» аттуу докладында, Батма Болоталиевна Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси мамлекеттик деңгээлде колго алынып, мамлекеттик тилге конституциялык макам берилгендигин белгилеп, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде  2014-жылдан бери тест электрондук нукта жүргүзүлөрүн жана учурда тест процессинде санариптик ыкмалар кеңири колдонулуп жаткандыгын баяндап, мисалдар менен толуктады. Андан соң конференциянын катышуучуларынын кызыктырган суроолоруна жооп берип, учурда адаптивдик  тест программасы иштелип жаткандыгын жана ал 2027-жылы ишке киргизиле тургандыгын билдирди.  Учурда эң актуалдуу мааниге ээ болуп жаткан онлайн тесттери Кыргызстанда 2019-жылы ишке киргизилгендигин да маалымдады. «Кыргызтест» боюнча берилген маалыматтар чет өлкөлөрдөн келген катышуучулардын кызыгуусун жаратып, чоң жаңылык катары кабыл алынды.
       Илимий конференция Өзбекстан Республикасынын Билимди жана квалификацияларды баалоо боюнча агенттигинин 30 жылдыгына арналган эле.

       Кыргызстанда тест жүргүзүү иштери учурдун заманбап талаптарына ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы бул конференцияда дагы бир жолу тастыкталды.