
Бүгүн, 23-сентябрда, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Улуттук илимдер академиясында жалпы каалоочулар үчүн флешмоб форматында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча чакан тест уюштурду. Иш-чара Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанатынын алкагында өткөрүлдү. “Кыргызтест” мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская тесттин катышуучуларын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, аларга билим айдыңында ийгиликтерди каалады.



