
2026-жылдын 26-февралында “Кабар” маалымат агенттигинин, “Регион” телеканалынын жана “Ала-Тоо 24” маалымат телеканалынын өкүлдөрү “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүн чагылдыруу максатында келишти. Тест өтүүчү залдарда журналисттер мамлекетттик тилден тест жүргүзүү процесси менен таанышып, мекеменин директору менен маектешишти. “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская журналисттерге учурдагы тест жүргүзүү процесси жана тестке катталуу жол-жоболорундагы өзгөрүүлөр тууралуу кеңири маалымат берди. Тактап айтканда, ал тестке катталууда тест тапшыруучулардын өздүгүн дыкаттык менен тактоо үчүн паспорттун түп нускасы, ошондой эле паспорт “Түндүк” системасы аркылуу электрондук түрдө көрсөтүлгөн учурда паспорттун көчүрмөсү же кызматтык/айдоочулук күбөлүк/пенсиялык китепче талап кылынарын маалымдады. Тест тапшыруучулардан тест залына кирүүдө уюлдук телефондорду таштоо талап кылынгандыктан, тест администраторлору алардын өздүгүн текшере албай тургандыгын айтып, ушул себептен улам мекемеде паспортторду жана идентификациялык номерлерди алмаштыруу аркылуу өзүнүн ордуна башка адамды тестке киргизүү сыяктуу алдамчылык учурлардын алдын алуу үчүн сүрөттөрү бар кошумча документтер талап кылынарын жана буга негиз катары мекемеде акыркы 10 күндүн ичинде эле алдамчылыктын сегиз учуру катталганын белгиледи.
Жолугушуу учурунда тестке каттоо, тест графигине кошуу жана тестке киргизүү сыяктуу башка суроолор да көтөрүлүп, аларга директор Б.Б. Топоева-Ставинская толук, канааттандырарлык жоопторду берди.

