ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргызтест кызматташтыкты кенейтүүдө

Кыргызтест кызматташтыкты кенейтүүдө

Бүгүн, 2026-жылдын 22-майда “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси менен С. Тентишев атындагы Азия Эл аралык университети ортосунда мамлекеттик, расмий жана чет тилдер боюнча тест жүргүзүү багытында кызматташтык келишимине кол коюлду.

Келишимдин негизги максаты – тилдерди билүү деңгээлин баалоо системасын өнүктүрүү, тест өткөрүүнү уюштуруу жана жогорку окуу жайдын студенттери менен кызматкерлерине мамлекеттик, расмий жана чет тилдер боюнча билим деңгээлин аныктоого шарт түзүү болуп саналат.

Аталган кызматташтыктын алкагында тил саясатын колдоо, билим берүү тармагындагы сапатты жогорулатуу жана тил компетенцияларын өнүктүрүү боюнча өз ара тажрыйба алмашуу ишке ашырылат.

“Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана көп тилдүүлүктү колдоо багытындагы иштерди улантып, өлкөдөгү билим берүү мекемелери менен кызматташтыкты кеңейтүүнү уланта берет.