ЖАҢЫЛЫКТАР

КЫРГЫЗТЕСТ: Кыргыз мамлекеттик университетинде семинар өткөрүлдү

КЫРГЫЗТЕСТ: Кыргыз мамлекеттик университетинде семинар өткөрүлдү

И.Арабаев атындагы КМУнун расмий кайрылуусунун негизинде «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тарабынан КМУда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча тестке даярдык көрүү максатында семинар-тренинг өткөрүлдү.

Иш-чарага университеттин административдик-башкаруу курамы, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана жооптуу кызматкерлер катышты.

Семинардын негизги максаты- мамлекеттик тил боюнча тесттин форматы, баалоо талаптары жана тест тапшыруу процесси тууралуу кеңири маалымат берүү болду.

Семинар-тренингдин жүрүшүндө «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б. Б. Топоева-Ставинская мекеменин ишмердүүлүгү, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоонун өзгөчөлүктөрү жана алдыдагы пландары тууралуу баяндама жасады.

Ошондой эле катышуучуларга тесттин түзүмү, тапшырмалардын түрлөрү, сертификат берүү тартиби жана даярдануу боюнча сунуштар берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, “Кыргызтест” мекемеси тарабынан тиешелүү жооптор жана практикалык түшүндүрмөлөр берилди.

Мындай иш-чаралар мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, тил саясатын ишке ашырууга жана жогорку окуу жайлардагы кызматкерлердин тилдик компетенциясын жогорулатууга багытталат.