ЖАҢЫЛЫКТАР

КЫРГЫЗТЕСТ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК АКАДЕМИЯСЫНДА

КЫРГЫЗТЕСТ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК АКАДЕМИЯСЫНДА

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси 2026-жылдын 17–21-февраль күндөрү И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) чакыруусу менен аталган окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамынын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүздү.

Тест КММАнын Тестирлөө жана клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү борборунда өттү. Бул жерде тест жүргүзүү үчүн мыкты шарттар түзүлгөндүктөн, 5 күндүн ичинде 811 адам кабыл алынды.

Тест процесси «Кыргызтесттин» башкы кеңсесинде да кадимки нукта улантылып, КММАда күн сайын түштөн кийин 1 нөөмөттөн, ал эми ишемби күнү тест тапшыруучулар көп болгондуктан 2-нөөмөттө иштөөгө туура келди.

    КММАда тест жүргүзүүгө мыкты шарттар түзүлгөн экен, алар:

  1. Сыйымдуулугу.

Аянты кенен, видео көзөмөл менен камсыздалган 2 класс. Ар бири 200 орунга ылайыкталып, орундуктар санитардык талапка жооп берген аралыкта жайгаштырылган.

  1. Жасалгалоосу.

Класстар стационардык металл издегичтер, заманбап эмеректер, компьютердик техника жана аудио-видео менен камсыздалган.

  1. Локациясы.

Тест борбору 1-кабатта жайгашып, кире бериште тартипти көзөмөлдөөчү атайын күзөт кызматы, сыртта кардарлардын жеке унааларын коюуга жана эс алуусуна ылайыкталган кенен аянт бар.

Булардын баары адамга болгон камкордук жана келечекке болгон инвестиция экенин белгилеп,  академиянын ректору Кудайбергенова Индира Орозобаевнага терең ыраазычылык билдиребиз!