
2025-жылдын 8–11-август күндөрү «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде Кыргыз Республикасынын «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси менен Казакстан Республикасынын Улуттук тест жүргүзүү борборунун ортосундагы расмий меморандумдун алкагында уюштурулган «Тест түзүүдөгү заманбап технологиялар жана тилди билүүнү деңгээлдештирип баалоонун жаңы ыкмалары» аталышындагы «Кыргызтест»-«Казтест» эл аралык илимий-практикалык семинары болуп өттү. Семинарга Казтест системасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Г.С. Ерсултанова, тест түзүүчүлөр, эксперттер жана мекеменин жамааты катышты. Семинардын иши тест системасын өнүктүрүүгө жана өз ара кызматташтыкты чыңдоого багытталып, анын алкагында «Лексика. Грамматика», «Жазуу», «Сүйлөө», «Окуу» жана «Угуу» субтесттери боюнча тест түзүү жаатында тажрыйба алмашуу орун алды. Семинардын жүрүшүндө тест системасында заманбап технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу ыкмалары жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, конструктивдүү пикирлер айтылды. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская катышуучуларды кыргыз тилди санариптик окутуу платформасы менен тааныштырды. Мындай семинарлар жана ар тараптуу пикир алышуулар
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси менен Казакстан Республикасынын Улуттук тест жүргүзүү борборунун алдыга койгон максаттарын жана биргелешкен иш пландарын ишке ашырууга өбөлгө болмокчу.








