ЖАҢЫЛЫКТАР

КЫРГЫЗТЕСТ кайрадан КММАда

КЫРГЫЗТЕСТ кайрадан КММАда

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси 2026-жылдын 7-апрель жана 13-апрель күндөрү И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) Тестирлөө жана клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү борборунда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүздү. «Кыргызтестте» орундардын жетишсиздигинен улам, тестти кайрадан КММАда өткөрүүгө туура келди.

Бул күндөрү медициналык академияда тест 1 нөөмөттө жүргүзүлүп, эки күндүн ичинде 600 адам кабыл алынды.

«Кыргызтесттин» жагдайын түшүнүү менен кабыл алган академиянын жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз!