
2025-жылдын 21-июлунан 31-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык Башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести өткөрүлдү. Токтогул району жана Талас облусунун билим берүү тармагында иштеген мугалимдер жана тарбиячылар өз каалоолору менен мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тестин тапшырышты.
Тестке катышкандардын жалпы саны 651 адамды түздү.


