ЖАҢЫЛЫКТАР

КЫРГЫЗТЕСТ АСТАНАДА

КЫРГЫЗТЕСТ АСТАНАДА

       2025-жылдын 22-октябрында Астана шаарында «Билим берүүдө билимди баалоонун актуалдуу маселелери: заманбап методдор жана интеллектуалдык чечимдер» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга расмий чакыруунун негизинде «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская катышты.

       Билим берүүнү баалоо боюнча эл аралык эксперттерди бириктирген илимий-практикалык конференцияда Батма Болоталиевна «Аралыктан тест жүргүзүүнү санариптештирүү: моделдери жана усулдары» аттуу докладында Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси мамлекеттик деңгээлде колго алынып, мамлекеттик тилге конституциялык макам берилгендигин белгилеп, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде  2014-жылдан бери тест электрондук нукта жүргүзүлөрүн жана учурда тест процессинде санариптик ыкмалар кеңири колдонулуп жаткандыгын баяндап, мисалдар менен толуктады. Андан соң конференциянын катышуучуларынын кызыктырган суроолоруна жооп берип, учурда адаптивдик  тест программасы иштелип жаткандыгын жана ал 2027-жылы ишке киргизиле тургандыгын билдирди. Учурда эң актуалдуу мааниге ээ болуп жаткан онлайн тесттери Кыргызстанда 2019-жылы ишке киргизилгендигин жана учурда КР чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө жана элчиликтерде жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады. «Кыргызтест» боюнча берилген маалыматтар чет өлкөлөрдөн келген катышуучулардын кызыгуусун жаратып, чоң жаңылык катары кабыл алынды.

       Конференциянын экинчи күнүндө КАЗТЕСТ кеңсесинде КАЗТЕСТ жамааты менен жана Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинде жолугушуу болду. Б.Б. Топоева-Ставинская Астана шаарында эмгектенип жаткан мекендештерге «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан окуу-методикалык колдонмолорду белекке берип, А1 деңгээли боюнча иштелип чыккан «Кыргыз тилин санариптик окутуу платформасын» тааныштырды.

       «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директорунун Казакстан Республикасына болгон иш сапарында АКШнын Educational Testing Services  жана AQA Global Assessment Services уюмдарынан келген өкүлдөр менен тест жаатындагы кызматташуу боюнча макулдашуулар белгиленип, жалпысынан иш сапары жемиштүү болду.