
2025-жылдын 12-ноябрында Ош технологиялык университетинде кыргыз тилин үйрөнүү үчүн санариптик платформанын бет ачары болуп өттү. Платформаны автор, «Кыргызтест» системасынын негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Б.Б. Топоева-Ставинская тааныштырды. Иш-чаранын максаты кыргыз тилин окутууда заманбап санариптик ыкмаларды киргизүү, мугалимдерди жана окуучуларды онлайн билим берүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу жана кыргыз тилинин билим берүүдө санариптик мейкиндиктеги ордун бекемдөө болуп саналат. Презентацияга мугалимдер, студенттер, ошондой эле санариптик билим берүү тармагында иштеген адистер катышышты. Иш-чаранын жыйынтыгында суроо-жооп сессиясы өткөрүлүп, анда автор платформаны колдонуунун негизги ыкмаларын жана артыкчылыктарын түшүндүрдү.





