
Бүгүн, 2026-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси менен Эл аралык National Educational Network (NEN) компаниясынын ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде Кыргыз Республикасында Эл аралык компьютердик тест пунктунун расмий ачылышы өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Капайович Койчиев жана мамлекеттик органдардын, министрликтердин, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.
Мамлекеттик катчы Эл аралык компьютердик тест пунктунун ачылышы менен кыргызстандыктарга өз мекенинде чет тилдерден тест тапшыртып, эл аралык сертификат берүү менен «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси өзүнө өтө чоң жоопкерчиликти, милдетти алып жаткандыгын белгилеп, анын өтөсүнө чыгууну каалады.
КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Казакбаевич Мураталиев өз сөзүндө «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жаткандыгын белгилеп өттү.
NENдин Бишкектеги офисинин өкүлү Доктор Саид Алмгхраби NEN компаниясынын 28 өлкөдө авторизацияланган тест борбору түзүлгөндүгүн, Кыргыз Республикасы бул эл аралык тизмеде 29-өлкө болуп катталгандыгын жана бул келечектүү иштердин башаты экенин, эл аралык деңгээлдеги бул иш «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Батма Болоталиевна Топоева-Ставинскаянын чоң арекеттеринин негизинде ишке ашырылгандыгын баса белгиледи. КР «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси өнөктөш катары NEN компаниясынын расмий сайтына (https://nen-global.org/) коюлгандыгын айтып өттү.
КР Президентинин Иш башкаруучусунун орун басары Роза Курманбековна Мамырбаева, КР Финансы министринин орун басары Улугбек Ибраимович Календеров, КРСУнун А. Орусбаев атындагы Орус тили институтунун директору Мамед Джакыпович Тагаев иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо сөздөрүн жолдошту.
Өз кезегинде «Кыргызтест» директору Б.Б. Топоева-Ставинская учурда англис тилдеринен T0EFL ITP, ITEP ал эми 2026-жылдын 1-жарым жылынын аралыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын № 14-27892 тапшырмасында көрсөтүлгөн бардык тилдер боюнча тест тапшырууга жол ачыла тургандыгын билдирди. 2026-жылдан баштап КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2025-жылдын 16-декабрындагы “Кыргыз Республикасындагы жогорку жана кесиптик окуу жайларынын окутуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрүнүн тилдерди билүү деңгээлине коюлган талаптарды бекитүү жөнүндө” №357 буйругунун негизинде чет тилдерин окуткан мугалимдер жана окутуучулар билим деңгээлин аныктоо тесттеринен өтө тургандыгын белгиледи.
Андан соң Б.Б. Топоева-Ставинская катышуучуларды тест пункту менен тааныштырып, эл аралык талаптарга жооп берген жабдыктарды, видеокамералардын түрлөрүн, Face-ID көзөмөлүн, металл издегичтер ж.б. техникалык каражаттарды көрсөттү. Мамлекеттик катчы Арслан Капайович ачылып жаткан ITEP тестине кирип тапшырып көрдү. Катышуучулар да тестти тапшыруу процесси менен таанышып, элибиз үчүн түзүлгөн жакшы мүмкүнчүлүктөргө ыраазычылыктарын билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке көзөмөлүндө болгон тилди өнүктүрүү талаптарын ишке ашыруу үчүн мындан ары дагы иштиктүү аракеттер жүргүзүлө бермекчи.

























