
Урматтуу тест тапшыруучулар!
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси 2026-жылдын 17-сентябрынан 30-октябрына чейин тестти Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) тест борборунда өткөрөт. Чүй 267 проспектинде жайгашкан негизги кеңседе тест жүргүзүү убактылуу токтотулат.
Тест өткөрүлүүчү дарек:
Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 8Б.
Тест өткөрүүнүн убактысы жана тартиби
Тест алдын ала бекитилген графикке ылайык 3 нөөмөттө жүргүзүлөт.
Мекемелерден расмий кат аркылуу кайрылган тест тапшыруучулар кезексиз кабыл алынат.
Каалоочулар жеринде жандуу кезек тартибинде киришет.
➤ Биринчи нөөмөт — каттоо саат 09:00дө.
➤ Экинчи нөөмөт — каттоо саат 13:00дө.
➤ Үчүнчү нөөмөт — каттоо саат 15:00дө (Кайра тапшыруу – 1 гана субтест).
